Жыл аягына чейин 4 соода-логистикалык борбор пайдаланууга берилет


Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы жалпы 9 соода-логистикалык борборду пайдаланууга берүү пландалган. Учурда анын бешөөсү ишке берилди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 34 соода-логистикалык борбор бар.

Кыргызстанда экспорттук жана импорттук агымдарды натыйжалуу башкаруу, айыл чарба продукцияларын сактоо жана бөлүштүрүү максатында жаңы соода-логистикалык борборлорду түзүү иштери улантылууда.