Бакыт Жиенбеков Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов төраганын жаңы орун басарын эмгек жамаатына тааныштырды.
Салык кызматынын башчысы жаңы орун басардын салык системасы боюнча терең түшүнүгү бар экенин баса белгилеп, анын билими жана башкаруучулук көндүмдөрү салык чөйрөсүндө белгиленген реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууга жардам берерине ишенимин билдирди.
Бакыт Жиенбеков салык тармагындагы эмгек жолун 2002-жылы баштаган. Ал буга чейинки орун басар Бекболот Алиевдин ордуна дайындалды.