Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, ТАСС маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн борбору Исфахан шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 183 чакырым аралыкта жайгашкан. Аталган жерде болжол менен 1,55 миллион адам жашайт. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.
Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.

