Эр-Рияд аэропортуна экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптады


11-октябрда Сауд Арабиясындагы падыша Халид атындагы эл аралык аэропорт кайрадан чабуулга кабылды. Өлкөнүн жарандык авиация башкармалыгынын маалыматына караганда, Пакистандын бир жараны каза болуп, дагы 11 киши жаракат алган. Бир күн мурдагы чабуулдан 13 адам каза болуп, 309 киши жабыркаган. Эл аралык ЖМКлардын билдиришинче, чабуулдар үчүн жоопкерчиликти Йемендеги хуситтер өз мойнуна алышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Мекеме жарандык инфраструктурага жасалган соккуларды айыптап, тараптарды согуштук аракеттерди токтотууга, ал эми кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактап, кооптуу аймактарга барбоого чакырды.