КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында Баткен шаарында жайгашкан Төрт-Гүл көчмө механикалаштырылган колоннасынын мүлк комплексин жана ага чектеш аймакты мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында «Төрт-Күл КМК” АКнын жетекчилиги өз аракеттеринин мыйзамсыздыгын түшүнүп, мүлк комплексин жалпы аянты 0,63 га жер тилкеси менен ыктыярдуу түрдө шаардык мэриянын балансына өткөрүп берди.
УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

