Жылдын мыкты мугалимине Бишкектен бир бөлмөлүү батир берилди


Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун баш байгесин жеңип алган Элзат Асановага Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирге сертификат тапшырды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Элзат Асанова Түп районундагы К. Үмөталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.

Ошондой эле минкаб төрагасы республикалык сынакта ар бир предмет боюнча жеңүүчү аталган 10 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.

Белгилей кетсек, конкурстун республикалык этабы 22-24-сентябрда Бишкек шаарында өтүп, ага 111 талапкер катышкан.