Эксперт: Депутат Айжигитовдун ИДП боюнча сыны – билимсиздик жана манипуляция


Акыркы убактарда Кыргызстандын медиамейкиндигинде макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн эсептөө ыкмалары, тактап айтканда ички дүң продукту (ИДП) боюнча кызуу талкуулар жүрүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Султан Айжигитов ИДПны эсептөөнүн методологиясын кескин сынга алып, өкмөт статистиканы “көбөйтүп”, элди адаштырып жатат деп айтып чыкты. Бирок, мындай билдирүүлөрдү жасоодон мурда, экономикалык статистиканын жана эл аралык практиканын негиздерин түшүнүү керек-деп билдирди эксперт Бахтияр Игамбердиев.

“С.Айжигитовдун сын-пикирлери негизсиз экенин, анын макроэкономиканын базалык принциптери туурасында такыр түшүнүгү жоктугун талдап берели.

Кыргыз Республикасында колдонулган ИДПны эсептөө методологиясы эл аралык стандарттарга ылайык келет, ал БУУ, Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк сыяктуу абройлуу уюмдар тарабынан иштелип чыккан. Бул стандарттар инфляцияны жана башка факторлорду эске алуу менен номиналдык жана реалдуу ИДПны эсептөөнү камтыйт.

Номиналдык ИДП өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн учурдагы баадагы наркын чагылдырат, ал эми реалдуу ИДП – инфляцияны эске алып, базалык жылдын баалары менен эсептелет, бул экономикадагы чыныгы өсүштү өлчөөгө мүмкүндүк берет.

Мындай эсептөө ыкмасы дүйнөнүн бардык өнүккөн өлкөлөрүндө – АКШдан баштап Японияга чейин колдонулат. Кыргызстан жаңы ыкма ойлоп таап жаткан жок, болгону жалпы кабыл алынган эл аралык эрежелерди карманат.

С.Айжигитовдун “ИДПны эсептөө методикасын өзгөртүү керек” деп макроэкономиканын негиздерин түшүнбөй туруп сын айтуусу — дилетантизм, б.а. билимсиздик, компетенттүүлүккө жатпайт.

С. Айжигитовдун айтуусу боюнча, өткөн жылды реалдуу ИДПны эсептөө үчүн базалык жыл катары колдонуу — бул катачылык. Бирок бул стандарттагы дүйнөлүк практика, анын бурмаланышы макроэкономикада анын компетентүү эместигин көрсөтүп турат.

Экономикадагы өзгөрүүлөрдү туура эсепке алуу үчүн базалык жыл ар бир мамлекетте белгилүү убакыт аралыгында жаңыланып турат. Маселен, АКШда бул процесстин мөөнөтү орто эсеп менен 5 жыл болсо, Европа бирлигинде да бул процесс үзгүлтүксүз жаңыртылып турат. Бул негизги принциптерди этибарга албоо – бул экономиканы түшүнбөөчүлүк же коомдук пикирди атайылап манипуляциялоого барабар.

Колдонулган бул ыкманын өз орду бар, бирок ал анализдин башка түрүн жүргүзүү үчүн колдонулат жана айкын мисал катары биз эсептөөнү 2000-жылдан баштасак, анда биздин ИДП 186 миллиард сомду түзөт, бул азыркы 2024-жылдагы ИДПдан алда канча аз болот, ал эми башталгыч чекит катары эгемендүүлүк жылын алсак, сандар андан да төмөн болмок.

Депутаттын инфляция ИДПнын көрсөткүчтөрүн жасалма “көбөйтүп” жатат дегени да — таптакыр туура эмес айтылган сөз. Инфляция – бул макроэкономикалык өзгөрмө, фактор, “сандарды тууралай турган” инструмент эмес. Ал жасалма шиширилген “көптүктү” жаратпайт, жөн гана реалдуу ИДПга ылайыкташат.

Эгерде С.Айжигитов чындап эле макроэкономикадан кабары болсо, инфляцияны эсепке албай туруп, экономикалык өсүшкө баа берүү мүмкүн эмес экенин түшүнмөк.

Айжигитов Кыргызстандагы ИДПнын өсүшүн “экономикалык керемет” деп атап, аны жасалма деп көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок Кыргызстандын расмий статистикасын ЭВФ, Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу көз карандысыз эл аралык уюмдар да тастыктап жатат. Алар Кыргызстандын экономикасынын өсүшү тууралуу байма-бай отчетторду жарыялап турушат. Эгерде эсептөөлөр бурмаланса, эл аралык уюмдар муну аныктап, айтып чыкмак.

Эгерде депутат маалыматтардын аныктыгынан күмөнү болсо, ошол эле эл аралык эксперттерге кайрылсын. Бирок анын ордуна ал эч нерсе тастыкталбаган айыптоолорду айтууда. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин жыйынында цифралардын жана методологиянын аныктыгы жөнүндө бир гана эл өкүлү чыгып сүйлөгөнүн, калган депутаттар бул маселени жакшы түшүнүшкөнүн жана дүйнөнүн бардык экономисттери, көрүнүктүү окумуштуулар, эл аралык уюмдар жана Нобель сыйлыгынын лауреаттары колдонгон методологияны бир гана адам талашкысы келгенин көрдүк.

Туура эмес маалыматтардын негизинде сындоо — кооптуу, анткени ал мамлекеттик институттарга болгон ишенимди кетирет, калк арасында ашыкча дүрбөлөң жаратат, көңүлдү реалдуу экономикалык реформалардан алаксытат.

Бирок, башкысы — анын жалган дооматтарын төгүндөө үчүн адистердин убакыты короп жатат. Экономисттер, аналитиктер жана министрликтердин өкүлдөрү депутатка макроэкономиканын негиздерин бир нече жолу түшүндүрүүгө аргасыз болушууда, мунун ордуна алар реалдуу милдеттери – экономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүзүү, стратегияларды даярдоо, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр менен алектенсе жакшы болмок.

Башкача айтканда, С.Айжигитов элди да адаштырып, башын айлантып, адистердин да өз ишин аткаруусуна жолтоо болууда.

Эгерде депутат экономикалык абалды жакшыртууну кааласа, өкмөт менен иштешип, конструктивдүү демилгелерди сунуштап, эл аралык тажрыйбаны талдап чыгышы керек. Бирок С. Айжигитов реалдуу чечимдерди сунуштагандын ордуна негизсиз сын айтууну туура көрөт.

Мындан улам суроо жаралышы мүмкүн: балким, маселе ИДПнын методологиясында эмес, экономиканы түшүнбөгөн адамдарда болуп жүрбөсүн?

Жыйынтыктап келгенде С.Айжигитов макроэкономикалык эсептөөлөргө шек келтирүүгө аракет кылууда, бирок профессионалдык анализдин ордуна экономиканын негизги принциптерин билбегендигин көрсөтүп алды.

Өкмөт жана министрликтер ИДПнын номиналдуу жана реалдуу айырмасын түшүнбөгөн депутаттын божомолунан экономикалык саясат жүргүзүшпөйт. Эгер эл өкүлү чындап эле экономикага жардам бергиси келсе, адегенде макроэкономиканын базалык түшүнүктөрүн билип алсын.
Ал эми анын максаты жөн гана популизм жана дестабилизация болсо, анда анын «аналитикасы» сокур тыйынга да арзыбайт. Экономика катуу кыйкырып, эч нерсени түшүнбөгөн саясатчыларды эмес, кесипкөй адистерди талап кылат”-дейт Игамбердиев.