Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кара-Дөбө айылынын тургундары көп жылдан бери айылдын имамы болуп кызмат кылып келе жаткан Азамат Джакупбаевге «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Бул көрүнүш — карапайым элдин өз руханий жол башчысына карата болгон терең ыраазычылыгынын жана сый-урматынын белгиси катары кабыл алынды.

Аталган саамалык айылдын мечитинин алдында өтүп, ага айыл аксакалдары жана жаштары катышышты. Эл алдына чыгып сөз сүйлөгөн аксакалдар Азамат Джакупбаевдин көп жылдардан бери айыл ичиндеги ынтымакты, биримдикти, сабырдуулукту жана ыйманды сактоодо көрсөткөн эмгегин баса белгилешти.
«Имам болуу — бул жөн гана кызмат эмес, бул чоң жоопкерчилик. Азамат өзү эч качан атакты, даңкты көздөгөн эмес. Бирок анын таза ниети, ак пейили жана адал кызматы элдин жүрөгүнө жетти, — деди айыл аксакалдарынын бири.
Белек тапшыруу учурунда Азамат имамга улуттук калпак кийгизилип, чапан жабылып, ак бата берилди. Жагымдуу самалык жүрөк толкуткан учурларга жана тилектештиктин көркөм көрүнүштөрүнө бай болду.
Өз кезегинде Азамат Джакупбаев мындай чоң белекке ээ болгонуна терең ыраазычылыгын билдирип, бул сый-урмат жеке өзүнө гана эмес, жалпы дин кызматкерлерине карата элдин болгон ишениминин жана урматынын көрүнүшү экенин баса белгиледи.
«Бул мен үчүн күтүүсүз жана өзгөчө белек болду. Элдин ак ниети менен берген белеги мага зор дем-күч берет. Бул күнү мен бир гана автоунаа эмес, элимдин батасын, колдоосун жана ыраазычылыгын алдым», — деди айылдын имам өз сөзүндө.

