Казакстанда педофилдерге карата химиялык кастрация колдонула баштайт


Казакстандын Саламаттык сактоо министри медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу «Казинформ» билдирди.

Жаңы жоболорго ылайык:

— Азыр эрежелерде медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары химиялык кастрация түрүндө колдонулушу мүмкүн экендиги так жазылган;

— химиялык кастрация жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган 18 жаштан ашкан адамдарга гана белгиленет жана соттун акыркы чечиминин негизинде жүргүзүлөт;

— иш-чаралар эркиндигинен ажыратылган жерде же амбулатордук психиатриялык жардам көрсөтүүчү медициналык мекемеде жүргүзүлөт;

— соттолгон адам бошотуларына 6 ай калганда абактын администрациясы психикалык бузулуулардын бар экендигин жана сексуалдык зомбулукка тенденциясын аныктоо үчүн соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн материалдарды сотко берет;

— бул ченемдер акыл-эсине тоскоол болбогон, аныкталган психикалык бузулуулардан улам медициналык чаралар көрүлгөн соттолгон адамдарга жайылтылбайт.

Маалым болгондой, буйрук 2025-жылдын 17-октябрынан тартып күчүнө кирет.