ИИМ бир туугандарды өлтүргөн шектүүнүн көрсөтмөсүн жарыялады


ИИМ Ак-Ордо-3 конушунда (Бишкек шаары) бир тууган эже-инини өлтүргөнгө шектелип жаткан улан көрсөтмө берген видеону жарыялады.
Андан шектүү С. И. милицияга ал үйгө акча үчүн киргенин, аталган жаңы конушуна маршруттук такси менен барганын айтып жатканын көрүүгө болот. Ага чейин «Орто-Сай» базарынан эки бычак сатып алганын билдирген.
Маркумдун бийик коргонунан ашып өтүү үчүн жердеги пескоблокторду алып узунунан тизип, ага чыгып, ашып кирген. Үйгө бутун чечип кирип, андан соң үйдүн кожоюнун башка урганын, андан кийин бычактаганын баяндаган. Экөө алышып жатып, эшик сынып кеткен. Үй ээси турууга аракет кылганда дагы бычак урган.
«Ошол учурда бир аял кирип келип мени колумдан тартты. Мен коркуп кетип аны ичке эки жолу, андан кийин артынан дагы бир жолу бычак урдум», — деген ал.
Шектүү үйдөн чыгып бычакты асынып жүргөн сумкасына салып койгонун жана андан кийин атайын тиркеме аркылуу такси чакырып кеткенин билдирген.