Өлкө аймагында жер титирөө катталды


Бүгүн саат 13:17де Кыргызстанда күчү очогунда болжол менен 4 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тактап айтканда:

Таш-Дөбө айылынан түндүк-чыгышты көздөй 27 км алыста,
Кара-Мойнок айылынан түндүк-батышты көздөй 34 км алыста,
Бишкек шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 70 км алыста жайгашкан.

Жер титирөөнүн калктуу конуштардагы сезилүү интенсивдүүлүгү төмөнкүдөй болду:

Кара-Мойнок, Таш-Дөбө жана Дон-Алыш айылдарында – 2,5 балл.