17-октябрга карата аба ырайы


Бүгүн республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +16…+21 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +25…+27 градуска көтөрүлөт.