Казакстанда 19 жаштагы футболист оюн учурунда каза болду


Казакстанда 19 жаштагы «Хан-Теңири» клубунун футболчусу Диас Толеу Биринчи лиганын беттешинде каза болду, деп билдирет KazFootball.kz.

Окуя 16-октябрда кечинде Алматы шаарындагы «Хан-Теңири» стадионунда өткөн Биринчи лиганын «Хан-Теңири» менен «Экибастуз» командаларынын беттешинде болгон.

Оюн маалында футболчу өзүн жаман сезип, 65-мүнөттө талаага кулап түшкөн. Аны дароо носилка менен алып чыгышкан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Казахстан футбол федерациясы оюнчунун каза болгонун билдирген.

Ошондой эле бул трагедияны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлөрүн кошумчаланды.