КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына жардыргыч түзүлүштөрдүн орнотулуусу боюнча жашыруун телефон чалууларды жасаган адамдарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын аймагында террордук коркунуч тууралуу жалган маалыматтарды жайылтуу фактысы аныкталды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Украинанын Я.Овсюк аттуу жараны Telegram мессенжеринде «Ужас Бишкека» аталышындагы каналын ачып, анын атын кийинчерээк «АВЕРСИОН» деп өзгөртүп, ал жерде Бишкектеги мектептерде жана соода борборлорунда болушу мүмкүн болгон террордук актылар тууралуу маалыматтар активдүү таратылган.

Тактап айтканда, аталган Telegram каналында «’ayana» лакап атын колдонгон колдонуучу Бишкектеги соода борборлорун, тагыраак айтканда, ГУМ, ЦУМ, Бишкек Парк, Дордой Плаза, Asia Mall жана Tommy Mall соода борборлорун жардыруу ниетин билдирген аудио билдирүү калтырган. Бул көрүнүш Бишкек шаарынын калкын дүрбөлөңгө салып, натыйжада борбор калаадагы социалдык абалды туруксуздаштырууга мүмкүн болгон коомдук нааразылыктын жана элдин нааразычылыктарынын күчөшүнө шарт түзгөн.
2025-жылдын 17-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында КР КЖК 252-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Террордук актын жасайм деп коркутуу) кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган билдирүүнүн автору, КР жараны «Г.А.К.» аныкталып кармалды. Ал КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
КР УКМК мындай аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келээрин эскертүү менен бирге, жарандарды, анын ичинде өспүрүмдөрдү террордук коркунучтарга байланыштуу жалган жана чагымчыл маалыматтарды таркатпоого, деструктивдүү мүнөздөгү ар кандай комментарийлерден алыс болууга чакырат.

