Бишкекте кафе, дүкөндөрдүн дааратканаларын бардык адамдар үчүн ачык кылуу сунушталды


Бишкек шаардык мэриясы “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Мыйзам тамак-аш тейлөө ишканаларынын жана калкты тейлеген башка мекемелердин дааратканаларына милдеттүү түрдө бекер кирүүнү камсыздайт.

Норма акы төлөнүүчү атайын дааратканаларга жайылтылбайт. Кеп кафе, ресторан, дүкөн жана башка объектилердеги дааратканалар боюнча болууда. Алар адатта кардарларын гана киргизип, айрымдары акы талап кылышат.

Демилгечилер бул балдар, кош бойлуулар, улгайгандар жана майыптыгы барлар үчүн оорчулук жаратарын белгилеген