Бразилиянын Сан-Паулу шаарында кичинекей учак автобустун үстүнө кулап түштү.
Маалыматка ылайык, King Air F90 маркасындагы кичи учагы көтөрүлгөндөн көп өтпөй шашылыш конууга аракет кылган.
Diariodonordeste жазгандай, учак кыйраган учурда автобуска урунуп, ал өрттөнүп кеткен. Автобуста жүргүнчүлөр жок болчу.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, учактын ичинен эки сөөк табылган. Жабыркагандардын арасында өтүп бара жаткан мотоциклист (анын сыныктары тийип калган) жана кырсык болгон жерге жакын жердеги тротуарда турган аял бар.