Эр-Рияд шаарындагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко жасалган соккулардын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында колдо бар маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Ошону менен бирге, Сауд Аравия Падышалыгындагы учурдагы кырдаалды эске алуу менен, министрлик аталган өлкөгө барууну пландап жаткан же анын аймагында жүргөн мекендештерге төмөнкүлөрдү сунуштайт:
— жеке коопсуздук чараларын көрүүнү;
— жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салууну жана алардын көрсөтмөлөрүн аткарууну;
— авиакомпаниялардан жана аэропорттордон авиакаттамдардын макамын алдын ала тактоону;
— кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактарга, ошондой эле чектөөлөр киргизилген жерлерге баруудан карманууну.
Кошумча маалымат же консулдук-укуктук жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчилигине +966 58 376 9945 жана +966 11 229 32 72 телефондору аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине +996 999 312 002 телефону боюнча кайрыла алышат.

