Сот Temirov Live, Kloop.kg медиаларын экстремисттик деп тапты


Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 27-октябрда Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапты.

Ошондой эле бул проекттердин ишмердигине катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылды.

Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген. Соттун чечимин ишке ашыруу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланышты жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлдү.