Садыр Жапаров АКШга барат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын Вашингтон шаарында өтчү «Борбор Азия — АКШ» саммитине катышат.

«Президент Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трамптын АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги жолугушуусуна чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алды. Президенттин администрациясы мамлекет башчысынын АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», — деп белгиледи Алагөзов.

Маалым болгондой, АКШнын Вашингтон шаарында «Борбор Азия — АКШ» саммити (C5+1 форматында) 6-ноябрда өтөт.