Кадамжайда мунай зат өндүрүүчү жайдан чыккан өрт өчүрүлүүдө


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Бүргөндү айылында мунай зат өндүрүүчү жайдан өрт чыккан.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 09:47дөн тарта өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсептер жөнөтүлгөн. Учурда жеринде 4 күжүрмөн эсеп иш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.