Чүйдө элдик табыпмын деп алдамчылыкка шектелген аял кармалды


Соцтармакта блогерлердин бири Токмокто М.Э. аттуу аял “кыргызчылык менен дарылайм” деп элден акча алып, ишеничке кирген соң аларга кредит алдыртканы тууралуу жазган.

Текшерүү башталгандан кийин милицияга Токмоктун башка жашоочусу да кайрылып, былтыр бул «табыпка» ишенип 1,5 млн сомун берип койгонун айткан. Мындан тышкары, аялдын үстүнөн ушундай эле дагы эки арыз түшкөн.

Милиция табыпчыдан жабыркагандар болсо маалымдап коюуну суранат.