Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарында логистика, транспорт жана кампалык жабдуулар боюнча экинчи эл аралык көргөзмө KyrgyzTransLogistic 2025 өз ишин баштады.

Көргөзмөгө Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана Корея Республикасынын 45тен ашык компаниялары катышууда.
Иш-чаранын негизги максаты — илгерилеген технологияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү болуп саналат.
Экспозиция тармактын негизги багыттарын камтыды: транспорттук логистика жана ташуулар, кампалык жабдуулар жана автоматташтыруу, логистикадагы IT-чечимдер, таңгактоо жана тиешелүү кызматтар.
Көргөзмөнүн алкагында панелдик талкуулар, семинарлар жана тегерек үстөлдөр өткөрүлүп, анда тармактын алдыңкы эксперттери катышты. Катышуучулар эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, логистикалык процесстерди санариптештирүү, электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрү жана жүктөрдү көзөмөлдөө менен мониторингдин заманбап технологияларын киргизүү маселелерин талкуулашты.
Уюмдаштыруу комитетинин маалыматы боюнча, KyrgyzTransLogistic 2025 жөн гана көргөзмө эмес, мамлекеттик түзүмдөр, бизнес жана эл аралык уюмдардын ортосундагы натыйжалуу диалогдун аянтчасы болуп калды.

