Иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактын тургундары катышты.
Салтанатта облус жетекчиси Гүлчөгө шаар макамынын берилиши Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү кадам экенин белгилеп, жергиликтүү элди куттуктады.
Иш-чаранын алкагында «Гүлчө шаары» деген жазуусу бар стелланын ачылышы болуп, аймактык кызматтарга жаңы техникалар тапшырылды. Алдыда облустук өнүктүрүү фондунан Гүлчө шаарына дагы эки атайын техника сатып берилери айтылды.
Эске салсак, Гүлчө айыл аймагына шаар макамын берүү тууралуу мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Андан кийин президент Садыр Жапаров «Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

