30-октябрга карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 16…21, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 18…23, Ысык-Көл облусунда 10…15, Нарын жергесинде 11…16 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 18…20, Ош шаарында 19…21 градуска жетет.