Ошто коомдук жайлардын аталыштарын кыргызчалоо иши жүрүп жатат


Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде мэриянын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү шаардагы кафе-ресторандарга, сулуулук салондорго, дүкөндөргө жана башка калкты тейлеген жайларга рейддик кыдыруу жүргүзүштү.

Рейддин алкагында кечээ калаа башчысы белгилеген маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коммерциялык объектилердин аталыштарын кыргыз тилинде жазуу зарылдыгы белгиленди.

Мындай текшерүү жана түшүндүрүү иштери алдыда да улантылат.