Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамы жарандардын айыл чарба багытындагы жер участокторунда уруксат берүүчү документтери жок курулган жеке турак жайларды мыйзамдаштыруу аркылуу алардын социалдык маселелерин чечүү жана мамлекет тарабынан кепилденген билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу кызматтардан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган турак үйлөрү бар жер участоктору, ошондой эле “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган трансформациялоо чечимдери бар жерлер мунапыска (мыйзамдаштырууга) тийиштүү объектилер болуп саналат. Ошондой эле айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз болгон, же жеке менчик укугу мамлекеттик актылар менен тастыкталган жер участоктору да мыйзамдын чөйрөсүнө кирет.
Аталган мыйзамдын талаптарынын аткарылышы — прокурордук көзөмөлдүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун карамагына өткөрүлгөн Новопавловка жана Орок айыл аймактарында айыл чарба багытындагы жер участокторуна карата мунапыс иштеринин жүргүзүлүшү прокуратура тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.
Бул аймактарда жерге байланыштуу талаш-тартыштардын орун алышы, айрым жарандардын жеке материалдык пайда табуу максатында айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу аракеттери катталган. Мындай көрүнүштөр мамлекет тарабынан жарыяланган бир жолку акцияны өз кызыкчылыгында пайдаланууга жол ачып, натыйжада азык-түлүк коопсуздугуна да терс таасирин тийгизип жаткандыгы аныкталган.
2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ушул багытта жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында Ленин райондук прокуратурасы тарабынан 3 кылмыш иши козголуп, учурда Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган жеке турак үйлөр деп — 2021-жылдын 1-декабрына чейин мыйзамда белгиленген тартипте бөлүнүп берилбеген жер участогунда негизсиз тургузулган турак үйлөр эсептелет.
Жер — өлкөнүн экономикалык, социалдык жана экологиялык туруктуулугунун негизги ресурсу. Аны мыйзам чегинде жана ачык-айкын пайдалануу ар бир жарандын, коомдун жана мамлекеттин милдети болуп саналат.

