Кыргызстанда эми айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окуш керек


Бул тууралуу  президенттин иш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүдө буга чейинки эки айлык окуулар токтой турганы айтылат.
«2026-жылдан тарта айдоочуларды окута турган жеке мектептер жабылып, мамлекеттик мектептер ачылат. Ар мезгилге карата экзамендер тапшырылат. Ал жактан дөңгөлөктү алмаштырууга чейин үйрөтүлөт», — дешти иш башкармалыктан.
Маалымат кызматы жаңы жылдын алдында кошумча маалымат берилерин белгиледи.