Каспий деңизинин жээгинен өлүк тюлендер табылды


Казакстандын Түпкараган районунун Баутино айылына жакын жердеги Каспий деңизинин жээгинен өлүк тюлендер табылды. Бул тууралуу Kazinform басылмасы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургун жээкте жаткан ири сүт эмүүчүлөрдү байкап, компетенттүү органдарга кабарлаган. Ал жээкте алты өлүк жандык жатканын айткан. Алардын экөөнүн мойнуна балык уулоочу торлор чырмалышып калган.

Бул факт боюнча Маңгыстау облусунун Балык коргоо башкармалыгы окуя болгон жерге ыйгарым укуктуу органдардын инспекторлору барып, тиешелүү чараларды көрүүдө.

Буга чейин, ушул жылдын май айында Маңгыстау жээгинен 279 өлүк особь табылган, ал эми июль айында Актау жээгинен дагы бир түлөндүн сөөгү табылган.