УКМК: Кылмышты бурмалаган мамлекеттик кызматкерлер кармалды


КР УКМК мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборундагы коррупциялык схеманы аныктады, аталган мыйзамсыз иштер Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Кылмыш ишинин алкагында, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун эксперт-психологу 1975-жылы туулган А.Ч.Ш. Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары 1994-жылы туулган А.у.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында «акыл-эси жайында эмес» деп мыйзамсыз таануу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнү аныкталган.


Атап айтканда, 2025-жылдын январь айында Бишкек ШИИБ тарабынан баңгизат сатуу боюнча 2007-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.А.А. кармалган. Кылмыш ишин тергөө учурунда, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары А.у.Ж. кармалган адамдын жакын туугандарынан опузалап акча талап кылуу жолу менен өзгөчө ири суммадагы 1,5 миллион сом алган. Андан кийин, ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психолог-эксперти А.Ч.Ш. менен алдын ала сүйлөшүп алып, алар эксперименталдык-психологиялык экспертизанын баштапкы корутундусун бурмалашкан, соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында кармалган М.А.А. эки жолу «Акыл эси жайында эмес» деп табылган.
2025-жылдын 23 жана 30-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысынын орун басары А.у.Ж. жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психолог-эксперти А.Ч.Ш. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жана ИИБ кызматкерлеринин арасынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.