7-ноябрда 2025-жылдагы эң күчтүү магниттик бороон жерди каптайт


7-ноябрда жерди G3–G4 деңгээлиндеги күчтүү магниттик бороон капташы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиядагы Космос изилдөө институту жана АКШнын Космос аба ырайын божомолдоо борбору (NOAA SWPC) билдирди. Күчтүү бороондун себеби — Күндөгү ири X1.8 класстагы жарылуу.

Астрофизиктердин айтымында, Күндөн чыккан плазманын агымы — короналдык чыгыш (CME) Жерге карай жылып келе жатат. Ал байланыш, спутник жана электр тармактарында тоскоолдуктарды жаратат. Адамдар чарчоо же уйкусуздук сыяктуу белгилерди сезиши мүмкүн.

Окумуштуулар кырдаалды байкоону улантууда: эгер акыркы плазманын чыгышы так Жерге багытталса, бороондун деңгээли G5 — экстремалдуу категорияга жетиши ыктымал.