Окуя болгон жерден тартылган видеолор социалдык тармактарда таралууда.
Видеотасмада имараттан чоң түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.
Имарат Токтоналиев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:13тө Октябрь райондук №5 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган.
Кошумча саат 17:18де №5 бөлүктөн 1, Свердлов райондук №3 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1, Биринчи Май райондук №4 бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп, жалпы 4 жана штаб тартылды.
Ал эми саат 17:50дө Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам тобу (кыймылды башкаруу пункту) жерине барып, ыкчам аракеттерди көрүп жатышат.
Кошумча маалымат берилет.

