КоомМаданият

«Манас» эпосу дагы бир тилге которулуп, бет ачары Россияда өттү

«Манас» эпосунун Мар Байжиев жазган версиясы балкар тилине которулганын «Манас» улуттук академиясы билдирди.

Китептин бет ачары 6-март күнү Россиянын Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында өткөн.

«Котормону Кыргызстанда туулуп-өскөн Сакинат Мусукаева ишке ашырса, китепти чыгарууга Россиянын Карачай-Черкесия Республикасынын эл акыны, «Минги-Тау» адабий журналынын башкы редактору Аскер Додуев көмөк көрсөткөн», — деп айтылат академиянын маалыматында.

Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантынын негизинде «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилитиги бириктирилип орус тилине эркин которулган Мар Байжиевдин «Манас тууралуу баян» китеби 2010-жылы жарыкка чыгып, бир катар тилдерге которулган.

Булак: Спутник.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button