Диплом чырынан улам депутаттык мандатынан ажыраган Нарматованы БШК талапкер кылып каттады


2022-жылы диплом чырынан улам ЖКнын депутаттык мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматованы БШК мөөнөтүнөн мурда өтө турчу парламенттик шайлоого талапкер болуп расмий каттады.

Нарматова бул тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү жазып, түшүндүрмө берди.

«Мага козголгон кылмыш иш токтотулган. Ал боюнча активдүү тергөө же процессуалдык аракеттер жүргүзүлбөй эле. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесине жана «Шайлоолор жөнүндө» Конституциялык Мыйзамдын 3-беренесине ылайык, ар бир жаран шайлануу укугуна ээ. Шайлоого катышууга чектөөлөр айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда гана каралган. Менин, Нарматованын мындай өкүмү жок. Анткени Конституциянын 57-беренесине ылайык, адам соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирмейинче күнөөсүз деп эсептелет.
Менин шайлоого катышуума эч кандай юридикалык тоскоолдук жок. Мен 2019-жылы Москвадагы “Чакан ишкердиктин борбордук академиясы” институтунун экономист адистиги боюнча окууга тапшырып, аны 2023-жылы аяктаганмын. Эсиңиздерде болсо, 2013-жылы Москвадагы колледжди бухгалтер-экономист адистиги боюнча аяктаган элем. Келе жаткан жылы Москва технологиялык институтунун мамлекеттик башкаруу багытында менеджмент адистигинин ээси болом. Учурда акыркы курста окуп жатам. Ал эми жокко чыгарылган диплом ал ЖАМУдагы филология факультетинин журналист адистиги боюнча болчу», — деп жазды ал.