.Анын кол алдындагы эки кызматкери 12 жылдан, үчүнчүсү 11 жыл 3 айга, подрядчы компаниянын жетекчиси 12 жылга камалды.
Быйыл Кыргызстанда коррупциялык кылмыштар үчүн күчөтүлгөн жазалар күчүнө кирген. Жогорудагы адамдар жаңы мыйзам боюнча биринчи болуп соттолду.
Ошондой эле алар мүлкүнөн ажыратылган. Эми жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөшөт.
Быйыл июнда Камчыбек Ташиев Токмок шаарына текшерүү менен барып, жолугушуу учурунда Нусувалиевди, анын кол алдындагыларды жана подрядчыны элдин даттанууларынан кийин камакка алууну буйруган. Мэр эртеси кызматынан бошотулган.

