Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңги заттарды таратуу жана сатуу менен алектенген чет өлкөлүк жарандар кармалышты.
КР КЖК 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда («баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу жана жөнөтүү») каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, өлкө аймагындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет элдик жарандардын (Индия Республикасынын жарандары) «Indianproduct» дүкөнү (Instagram социалдык тармагында) аркылуу баңгизат сатуу менен алектенип жүрүшкөндүгү аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам иштердин натыйжасында, үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында Индия Республикасынын эки жараны кармалды, алар: — 2006-ж.т. «D» жана 2003-ж.т. «S.M.». Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда болжол менен 1 кг өлчөмүндөгү баңги зат каражаттары (кара куурай чайыры «гашиш»), ошондой эле психотроптук баңги заттар табылган.
Учурда баңги заттарды ташып келүүнүн жолдору, ошондой эле ташууга жана таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
КР УКМК баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү жана өндүрүү аракеттери, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине алып келээрин жана мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү катаал жаза каралганын эскертет.

