БШК депутат болууну каалагандарды каттап бүттү


Жалпысынан 467 талапкер катталса, алардын 276сы — эркек, 191и — аял. Депутаттыкка аттангандар №19 округдан эң көп болуп, саны 25ти чапчыды.

Эң аз 5 талапкер №11 округдан (Жалал-Абад облусундагы Манас шаары, Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаары, Барпы жана Багыш айыл өкмөттөрү) болду.

Бүгүн талапкерлер чүчүкулак кармап, бюллетендеги катар саны аныкталат. Ошондой эле мамлекеттик ЖМКлардан акысыз эфир алып, басылмага чыгуу үчүн дагы чүчүкулак кармашат.

Кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген.