былтыр Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкө боюнча жүздөн ашык ишкана ишке берилди. Быйыл да жүздөн ашуун ишкана ачып, миңдеген жумуш орундарын түздүк;
акыркы эки жылдын ичинде ипотекалык жол менен 5 миңге жакын батирди ээлерине тапшырдык. Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө боюнча 70 миңден ашык батирлүү кабат үйлөрдү куруп жатат;
алдыдагы эки-үч жылдын аралыгында электр энергиясына болгон муктаждыкты толук жоюп, экспорттой турган өлкөгө айланабыз;
«Эл үмүтү» стипендиясына 265 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, 55 студент Оксфорд, Кембридж, Гарвард сыяктуу университеттерде окуп жатат;
өлкө калкынын 35 пайызын жаштар түзөт. Алар — биздин толкуган күчүбүз, тоодой үмүтүбүз!;
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 миң орундуу кичи аренасы эл аралык стандарт менен курулган көп функциялуу жай болуп саналат.

