Малайзияга жакын жерде кайык чөгүп, жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголду


Бул тууралуу Известия кабарлайт.

Маалыматка караганда, жоголгон мигранттардын ичинен 10у аман калды, ал эми бирөөсү Таиланд менен Малайзиянын чек арасына жакын жерде кайык чөгүп кеткенде каза болгон.

Малайзиянын түндүгүндөгү Кедах жана Перлис штаттарынын Деңиз башкармалыгынын директору Ромли Мустафанын айтымында, кайыкта болжол менен 300 адамдай болгондуктан, каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн.

Аман калгандардын арасында Мьянма, Бангладештин жарандары бар.