Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Анын ачылышына облустун жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышкан.
«Эстелик жайгашкан жерди оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен 2,1 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми айкелдин өзүн жезден жасоого Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом каралган», — деп айтылат маалыматта.
Борбордук аянтка коюлган жаңы эстеликтин бийиктиги 3,65 метрди, туурасы 1,6 метрди түзөт.

