Шри-Ланканын 22 миллион тургунун бир маймыл электр жарыгысыз калтырды


Жекшемби күнү Шри-Ланканын 22 миллион тургунун бир маймыл электр жарыгысыз калтырды. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымдады.

Шри-Ланканын энергетика министри Кумара Джаякоди журналисттерге жекшемби күнү саат 11:00 чамасында аралда болгон электр жарыгынын толук өчүрүлүшүнүн себебин айтып, «Маймыл трансформаторго тийип калган, бул системада үзгүлтүктү жаратты»,-деген.

Бул окуя Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарынын түштүгүндөгү подстанцияда орун алган.

Андан соң медициналык мекемелерден жана суу тазалоочу жайлардан баштап, бардык тармактарда электр энергиясы этап-этабы менен көп убакыттын ичинде калыбына келтирилди.

Шри-Ланканын социалдык тармактарынын колдонуучулары бул окуяга байланыштуу бийликке карата бир топ тамашаларды айтышты.

«Бир маймыл-жалпы башаламандык. Балким, инфраструктура жөнүндө ойлонууга убакыт келдиби?» — деп жазган Mario Nawfal аттуу колдонуучу социалдык тармакка.