Россиянын ИИМи Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатеринага карата текшерүү баштады.
Маалыматтарга ылайык, текшерүүнү Россиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгы жүргүзүүдө.
Буга чейин Екатерина кыргыз жана казактар жөнүндө орой билдирүү жасаганы кабарланган. Эки өлкөдө тең ага каршы кылмыш иши козголгон.

