УКМК: «Ооган чарсын» сатып  жүргөн баңгизат каналы токтотулду 


КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана таратуу фактыларын аныктоого багытталган иш-чаралардын алкагында, ошондой эле баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө максатында, тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө баңгизат каналынын уюштуруучуларынын бири, КР жараны Г.А.Т. кармалды.


Тактап айтканда, 2025-жылдын 17-ноябрында 1 килограммдан ашуун «ооган чарсы» (гашиш чайыры) баңгизатын сатууга аракет кылып жатканда, трансулуттук баңгизат тобунун уюштуруучуларынын бирине карата «Тажикстан Республикасы — Ош облусу — Чүй облусу» каттамы боюнча баңгизат жеткирүү каналын уюштургандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын 18-ноябрында Г.А.Т. кармалып, Октябрь сотунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине камакка алынган.