Темирлан Султанбеков башаламан уюштурууга шектелип кармалды — ВИДЕО


Массалык баш аламандыкка чакырган ден шектелген жаран ИИМге жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине  1998-жылы туулган С.Т. массалык баш аламандыктар аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн, деп айтылат.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (массалык баш аламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран  С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда.