Бүгүн өлкөдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология кызматы таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18, Талас аймагында +10…+15, Ысык-Көлдө +6…+11, Нарын жергесинде +5…+10 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +13…+15 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +15…+17 градуска жетет.

