Башаламандык уюштурууну көздөгөн деген шек менен 22-ноябрда кармалган парламенттин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов, Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев 2026-жылдын 17-январына чейин камакка алынды.
Сот кармалган башка адамдардын бөгөт чарасы боюнча кандай чечим чыгарганы азырынча белгисиз.
Кечээ, 22-ноябрь күнү кечинде ИИМ парламенттик шайлоодон кийин жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топту кармаганын кабарлады. Мекеменин маалыматында, топтун арасында саясий ишмерлер, мурдагы депутаттар, мурдагы мамлекеттик, күч кызматкерлери бар жана алар чагым, күч колдонулган кагылышууларды уюштуруу максатында өз тарапкерлерин, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторду, спортчуларды катарына тартышкан.

