Эртең Кыргызстанга үч күндүк мамлекеттик сапар менен Владимир Путин келет


Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталиптин айтымында, сапар Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтүп, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилени тереңдетүүгө багытталат.

Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык кызматташтык, инвестициялар, өнөр жай жана аскердик-техникалык байланыштар, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланат.

Сапар жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.