Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Россиянын Президенти Владимир Путин Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:
— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы жана Россия Федерациясындагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын тунгуч Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
— “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому менен “Россия почтасы” акционердик коомунун ортосундагы ниеттер жөнүндө макулдашуу.

