Эртең өлкөдө “жымжырттык күнү”


Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү 30-ноябрга дайындалган.

30 округдан шайлоого аттанган талапкерлердин саясий өнөктүктүн алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан тартып башталган.

Ал эми эртең, 29-ноябрда добуш берүүгө 24 саат калганда үгүт иштери токтойт. Ушул эле күнү шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү жүргүзүлөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, “жымжырттык күнү” мыйзам бузулууларды алдын алуу максатында 10 миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.