ЖК шайлоосуна үгүт өнөктүгү жыйынтыкталды


Мыйзам боюнча 29-ноябрь саат 8:00дөн кийин үгүт жүргүзүүгө болбойт.

30-ноябрда өтчү парламенттик шайлоодо 4 млн 294 миң 243 жаран добуш берүүгө укуктуу. Анын 2,2 миллиону аялдар.

Добуш берүүчүлөрдүн көпчүлүгүн 19-35 жаштагылар түзөт, алардын саны 1,7 млн.