«Тазалыктын» кызматкерин унаа сүзүп кетип каза болду


Бишкекте тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп каза болду.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, кырсыгы 26-ноябрда саат таңкы 7лер чамасында Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Унаа «Тазалыктын» кызматкери өзүнүн аймагын тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда сүзгөн. Жабыркаган жаран ооруканад эсине келбей каза болгон.

Жол кырсыгына шектүү айдоочуну табылып, ал 1989-жылы туулган Т.А. болуп чыкты. Учурда айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.